Беш-Күңгөйдө Таранчиев менен Ткачевдун эстелиги оңдоодон кийин кайра ачылды

© Sputnik / Михаил РогожинБеш-Күңгөйдө Таранчиев менен Ткачевдун эстелиги. Архив
Беш-Күңгөйдө Таранчиев менен Ткачевдун эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Россиянын расмий адамдары сүйлөгөндөн кийин митингде аза мүнөтү болуп, асманга үч жолу ок атылып, эстеликке гүл коюлду.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ленинград фронтунун 566-авиациялык полкунун учкуч-штрумалоочулары Улуу Ата Мекендик согуштун каармандары Ысмайылбек Таранчиев менен Алексей Ткачевдун эстелиги оңдоодон кийин Чүй өрөөнүндөгү Беш-Күңгөй айылында кайрадан салтанаттуу ачылды. 

Sputnik сайтынан "Георгий тасмасы" акциясы
Салтанаттын алкагында эстеликти биринчи жолу ислам жана христиан диндеринин өкүлдөрү ырымдашты. Православ чиркөөсүнүн атынан ыйык ырым-жырымдарды чиркөө кызматкери, ЖККУнун "Кант" авиабазасынын динге ишенүүчү жокерлер менен иш алып баруу боюнча командирдин жардамчысы Евгений Циклаури жасады. Беш-Күңгөй айылынын имамы Нуркалый Муратбеков курман болгондорго Куран окуп, аталган иш-чара жаш муундарды тарбиялоодо зор мааниге ээ экендигин белгиледи. 

Россиянын Кыргызстанагы элчилигинин аскердик атташесинин жардамчысы Вячеслав Косов Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын аты өчпөшү керектигин белгиледи. 

"Бүгүн тарыхты бурмалап, фашизмди жеңүүдө совет элинин жасаган эмгегин төмөн түшүрүүгө жасаган аракеттер токтобой келет. Таранчиев менен Ткачевго эстелик ачуу өз ата-бабаларынын жаркын элесин өчүрбөй сактай турган болочок муундар үчүн үлгү болот", — деди Косов.

Таранчиевдин туугандары аны менен курман болгон Ткачевге Баатыр наамын ыйгартууга чуркап жүрүшөт
Кыргызстан менен Россиянын расмий адамдары сүйлөгөндөн кийин митингде аза мүнөтү өтүп, ал үч жолку ок атуу жана эстеликке гүл коюу менен коштолду. Салатанаттын жүрүшүндө флагштокко КРдин жана Жеңиштин туусу көтөрүлүп, авиабазанын жоокерлери бир эле мезгилде Россиянын жана ЖККУнун "Кант" авиабазасынын желектерин көтөрүштү. Иш-чарага парламентин депутаты Дастан Бекешев, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаев, жакынкы айылдардын согуш ардагерлери жана мектеп окуучулары катышты. 

Кыргыз ССРинин Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылынын тургуну Ысмайылбек Таранчиев жана алдар үйүнүн тарбиялауучусу, РФСРдин Смоленск областында туулган Алексей Ткачев — Ленинград фронутунун 566-авиациялык полкунун учкуч-штрумалоочулары — 1944-жылы 18-мартта немистердин огу тийген "Ил-2" учагын душмандын топтошуп турган танкаларына бурушкан. Жардыруунун натыйжасында, немистин алты танкы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган. 

Бул эрдиги үчүн 1991-жылы Таранчиевге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени ыйгарылган (өлгөндөн кийин). Ткачев бул эрдиги үчүн эч сыйлык алган эмес. Советтер Союзунун Баатыры кенже лейтенант Таранчиевдин туугандары тарыхый адилетсизикти эске алып, кенже сержант Алексей Ткачевго өлгөндөн кийин Россиянын Баатыры наамы берилишине аракеттерди көрүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0