Чек арачылардын Жеңиш эстафетасы Ошко өтөт

Жазылуу
КМШ алкагын камтыган Жеңиш эстафетасы Нарын чек арачыларынын Ош облусуна берилет.

БИШКЕК, 5-май – Spitnik. Бишкек шаарында Жеңиш аянтында Жеңиш эстафетасына арналган иш-чара өтүп, ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышат. Символ Ош облусунун чек арачыларына берилет. Бул туурасында Чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдирди. 

Жеңиш эстафетасы ЕАЭБнын түштүк-чыгыш алдыңкы постуна келет
"Өчпөс оттун" аянтында Каракол жана Нарын шаарынан келген эстафета-символ Ош шаарынын чек арачыларына, анан ары Алайдын Гүлчө айылына жеткирилет. Ал эми Жеңиштин эстафетасы республиканын чегинен өтүп, Кыргызстандан Тажикстанга берилет. Ошенип отуруп, эстафета КМШнын чек араларын бойлоп жүрүп отурат.

Кыргызстан Жеңиш эстафетасынын символун кыргыз чек арачылары казак чек арачыларынан 2015-жылдын 2-майында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги  "Актилек-автоунаа" көзөмөл өткөрүү жайында салтанаттуу түрдө кабыл алган.

Быйыл Жеңиш эстафетасы 2015-жылдын 2-февралында эки багытта – Брест (Белоруссия) жана Мурманск (Россия) шаарларында сапар алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0