Бишкекте айдоочу күбөлүгүн алуу үчүн эми экзаменди интернет менен тапшырса болот

Жазылуу
Айдоочулардан тест алуу үчүн электондук системага кaошулуу автомектептерден кошумча чыгымды талап кылбайт, болгону интaернетке туташтырылышы кажет.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бишкектеги 34 автомектептин бешөө айдоочулардан тести электрондук түрдө алып баштаарын Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) билдирди.

МККнын төрагасынын орун басары Дастан Догоев электондук системага кошулуу автомектептерден кошумча чыгымды талап кылбайт турганын, болгону интернетке туташтырылышы кажет экенин белгиледи.

Электрондук түрдө тест тапшыруу системасы "Дасмия", "РТШ" ЖЧК, "Союз водителей", "Профи Класс" жана "Роуд Стар" автомектептерине коюлат.

"Инструкторлорго системага кирүү үчүн логин жана сыр сөз берилет. Мындай система коррупцияга каршы күрөшүү аракеттеринин алкагында жасалып жатат", — деди ал.

2015-жылдын март айынан баштап электрондук түрдө тест тапшыруу сынамак түрдө Бишкек шаарына киргизилген. Сынамак долбоордун алкагында айдоочулук күбөлүк алам деген 350 киши катталып, алардын 96сы тести ийгиликтүү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0