Ош шаарында согуштун ардагерлерине баткенчилер медаль тагышты

© Фото / Пресс-служба г. ОшОш шаарында согуштун ардагерлерине баткенчилер медаль тагышты.
Ош шаарында согуштун ардагерлерине баткенчилер медаль тагышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында Баткен согушунун ардагерлери Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына юбилейлик медалдарды тапшырышты.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткенчилер кеңешинин ыйгарган медалын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Жолдошпай Адаев жана Жапарбек Хакимов аксакалдар тагынышты. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарларды.

Ошто согуш ардагерлери Жеңиштин 70 жылдыгына 70 арча тикти
Түштүк аймак боюнча мындай медалды согуштун дагы 10 ардагерине тапшырылган. 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата ресупбликанын башка аймактарындай эле Ош шаарында бир топ иш-чаралар өтүп жатат. 

Буга чейин Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери ардагерлерди колдоо максатында бир күндүк айлыгын ардагерлерге которушкан.

Аксакалдарга медалдарды Баткен согушунун ардагерлеринин кеңешинин түштүк аймак боюнча төрагасы Данияр Ашбаев менен Согуштун жана эмгектин ардагерлеринин Ош шаардык кеңешинин жетекчиси Рыспай Зулпуев такты.

Жаңылыктар түрмөгү
0