Үч миң адам катышкан "Өлбөс полк" Бишкектин көчөлөрүнөн өттү

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек"Өлбөс полк" иш-чарасы. Архив
Өлбөс полк иш-чарасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өлбөс полк" — жыл сайын 9-майда өткөрүлө турган эл аралык масштабдуу иш-чара. Ал Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларынын эстелигине арналат. Өткөн жылы акцияга Израиль, Кыргызстан жана Беларусь өлкөлөрүнүн бардыгы болуп 450гө жакын шаарлары менен айылдары кошулган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алкагында шейшемби күнү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан уюштурулган "Өлбөс полк" жүрүшү өттү деп билдирет БШКнын маалымат кызматы. 

"Өлбөс полк" — жыл сайын 9-майда өткөрүлө турган эл аралык масштабдуу иш-чара. Ал Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларынын эстелигине арналат. Өткөн жылы акцияга Израиль, Кыргызстан жана Беларусь өлкөлөрүнүн бардыгы болуп 450гө жакын шаарлары менен айылдары кошулган.

Бишкек көчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Өлбөс полк" акциясы учурунда Бишкекте бир катар көчөлөр жабык болот
Жүрүшкө үч миңден ашуун адам, алардын ичинде БШКнын жана Жогорку Кеңештин депутаттары, студенттер, мектеп окуучулары, афган согушунун ардагерлери, Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинин курсанттары, ошондой эле шаар тургундары катышып, колдорунда согуштун катышуучуларынын жана каза болгон ардагерлердин – өз тааныштарынын, туугандарынын жана жакындарынын сүрөттөрүн алып өтүштү. 

Марш Абдрахманов көчөсүндө Жантөшев көчөсүнөн тартып Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асанов атындагы сейил бакка чейин жүрүп, ал жерде эскерүү митинги, майрамдык концерт өттү. Ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери үчүн жоокерлердин ашканасы жана фронттук 100 грамм уюшулду.

"Өлбөс полк" Бишкек шаардык кеңеши тарабынан экинчи жолу өткөрүлүүдө. 2014-жылы иш-чарага миң киши катышкан. Акция Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана алардын эрдиги жөнүндө эстеликти сактап калууга чакырык болуп эсептелет. 

Абдрахманов көчөсүнүн тандап алынган багытындагы бөлүгү колоннанын жүрүшү учурунда жабык болду. Кыймыл баштаган чекитиеин Жеңиш паркына чейин 45 мүнөт жүрдү.

"Өлбөс полк" акциясынын алкагында бардык мектептерде Улуу Ата мекендик согуш жана советтик жоокерлердин эрдиги жөнүндө даректүү материалдарды окуп-үйрөнүүгө багытталган тематикалык иш-чаралар уюшулуп, аскер темасындагы репертуарлар жана асердик ырлар боюнча мектептер аралык сынактар өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0