Башкы Штаб элеттиктерге согуш учурундагы замбиректи эстеликке тапшырды

© Фото / Мария ПодбурскаяЗамбирек эстелиги. Архив
Замбирек эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүйдүн Байгелди айылында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата эстелик ачылып, ага Башкы Штабдын жетекчиси катышып, айылга раритет болуп калган согуштук техниканы тапшырды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Аламүдүн районунун Байгелди айылында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата эстелик ачылып, ага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы согуш учурундагы 76 миллиметрлик замбиректи тапшырды.

Согуштун элесин калтырган замбиректи тапшырып жатып Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев кыргыз эли согушту унутпаарын жана Жеңиштин барк-баасын билээрин айтты.

"Эстеликти коюуга демилге көтөргөнүңөр мени абдан кубантты, биз буга колдоо көрсөтүп, сиздердин өтүнүчтү канаттандырып, бул замбиректи алып келдик. Көп жерде согуштун элесин чагылдырган эстеликтерди жоготуп, алып салып жатышат. Ал эми биздин эл майданга катышкандарды эстейт жана колдоо көрсөтүп келет. Биз алардын элесин сактап, жасаган эрдиктери туурасында кийинки муундарга калтырууну каалайбыз", — деди генерал Алымкожоев.

Элдин суранычын Башкы штабга жеткирип, аларга "Тилекмат-Аке" коому көмөк көрсөткөн. Салтанатта аталган фонддун өкүлдөрү Жолдошбек Бузурманкулов, Тилек Усупов катышып, мындай аракеттери менен майданга катышкан чоң аталар, чоң энелердей кайраттуу адамдар өлкөнүн эркиндиги сактап калышкандыгын айтышты. 

Эстеликтин ачылышына согуш ардагерлери, айылдын жашоочулары катышты.

 

 

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0