Путин кыргызстандыктарды жана Атамбаевди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүОрусиянын президенти В.Путин. Архив
Орусиянын президенти В.Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катаал жана ырайымсыз душманга каршы бир катарда салгылашкан элдерибиздин эрдиги — Россия менен Кыргызстандын жалпы тарыхынын көөнөрбөс, унутулгус барактары деп айтылат орус президентинин кыргызстандыктарды куттуктоосунда.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин кыргызстандыктарды жана Атамбаевди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктаганын КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Москвадагы парадга катышуу үчүн кыргызстандык 13 ардагер бүгүн кечинде учуп кетет
Орус президентинин куттуктоосунда катаал жана ырайымсыз душманга каршы бир катарда салгылашкан элдерибиздин эрдиги — Россия менен Кыргызстандын жалпы тарыхынын көөнөрбөс, унутулгус барактары деп жазылат.

Согуш жылдарында ширелген достук мындан ары да эки мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташуу мамилелерин өнүктүрүү үчүн, КМШ, ЖККУ жана Евразиялык мейкиндиктеги башка интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташууну чыңдоонун бекем негизи болуп берет деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

9-май Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет. Москва шаарындагы Кызыл Аянтта боло турчу майрамдык парадга катышуу үчүн Кыргызстандан 13 ардагер шаршемби күнү учуп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0