Бекешев Россияда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу көйгөй жаратып атканын айтты

Жазылуу
КРдин айдоочулук күбөлүгү Жол кыймылы жөнүндөгү Эл аралык конвенцияга туура келбей турганын Бекешев билдирүүдө.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россияга барган кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда кыйынчылыкка кабылып жатканын "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

"Айдоочулук күбөлүктү Россияныкына алмаштырууга келгенде жарандар аны алмаштыра албай жатышат. Керек болсо Россияда да: Бул жасалма күбөлүктөрдү кайдан алгансыңар? деп айтышууда. Биздин күбөлүктөрдө керектүү болгон пункттар жок. Бул абал ал жакта автоунаасы бар мекендештерге бир топ кыйынчылыктарды жаратууда", — деди ал.

Анын айтымында, Кыргызстанда берилип жаткан айдоочулук күбөлүк Жол кыймылы жөнүндөгү Эл аралык конвенцияга туура келбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0