ЖККУ аскерлеринин кийимин уурдаган КР жоокерлери жоопко тартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖККУ аскерлеринин кийимин уурдаган КР жоокерлери жоопко тартылды
ЖККУ аскерлеринин кийимин уурдаган КР жоокерлери жоопко тартылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер прокуратурасы полковник Мадымаровдун иш-аракети сот тарабынан кайра квалификацияланышына макул болбой, ал чечимдин жана прапорщик Саптаяковго берилген ашыкча жеңил жазанын үстүнөн арыз берди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкектин аскер соту ЖККУ аскерлеринин мүлкүн жана аскердик кийимдерин уурдагандарды ар түрдүү мөөнөткө эркинен ажыратты деп билдирет КРбин Баш прокуратурасынын маалымат кызматы.

Билдирүүдө 2013-жылдын декабрында мамлекеттик мүлктү ЖККУга катышуучу өлкөлөрдүн ыкчам чара көрүү боюнча Жаматтык тобунун бөлүктөрүнө тиешелүү 14,8 миллион сомдук аскер кийимдерин уурдоо факты боюнча КРдин Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогону айтылат.

Айып Коргоо министрлигинин 33665-аскер бөлүгүнүн командири Мадымаровго, азык-түлүк жана буюм мүлкүн сактоо бөлүмүнүн кампа башчысы Жумабек уулуна жана ага кампачы прапорщик Саптаяковго коюлган. 

"Респубилканын Аскер прокуратурасы көргөн чаралардын аркасында 3,4 миллион сом көлөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыян кайтарылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек гарнизонунун Аскер соту прапорщик Жумабек уулун 6 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн катулатылган тартиптеги колонияда өтөөгө жиберди. Прапорщик Саптаяков шарттуу түрдө алты жылга кесилип, КРдин АКда кызмат өтөө укугунан эки жылга ажыратуу менен, үч жылдык сыноо мөөнөтү берилди жана ага 4000 эсептик көрсөткүч көлөмүндөгү айып салынды.

Полковник Мадымаровго карата кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берүүсүз токтотулган. Бирок Аскер прокуратурасы полковник Мадымаровдун иш-аракети сот тарабынан кайра квалификацияланышына макул болбой, ал чечимдин жана прапорщик Саптаяковго берилген ашыкча жеңил жазанын үстүнөн арыз берди.

Азыркы учурда апелляциялык арыз каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0