Сариев: көзөмөл-өткөрүү жайлар ЕАЭБ стандарттарына дал келиши зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековКонтрольно пропускной пункт на границе с Казахстаном
Контрольно пропускной пункт на границе с Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев "Достук" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү жана Ош облусундагы жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында "Достук-автодорожный" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Ал автоунаа, жүк жана жүргүнчүлөрдү өткөрүүчү пункт. 

Темир Сариев Ош облусун көзөмөлдөө үчүн кетти
Өткөрүү пунктунда чек ара, бажы, транспорт, медициналык, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө жүргүзүлөт. 2014-жылы өткөрүү пункту аркылуу өлкөнүн 130 миңге жакын жараны жана 12 миңге жакын транспорттук каражат өткөн. 

"Достук-автодорожный" өткөрүү пунктун кыдырууда өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБге "Достук" Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн негизги өткөрүү пунктуна айланат. 

"Буга байланыштуу өзгөчө көңүлдү өткөрүү пунктунун инфраструктурасына жана техникалык жабдылышына буруу зарыл. Ал ЕАЭБ стандарттарына дал келүүсү тийиш", — деди Сариев өткөрүү пунктун реконструкциялоо долбоору менен таанышып жатып. 

Андан соң премьер-министр Араван районундагы Кен-Сай жаңы конушуна барып, Кен-Сай, Ачы жана Каттасай аймактарын өздөштүрүү боюнча курулуш ишинин долбоору менен таанышты. Мындан сырткары, Өкмөт башчы Ош облусунун Араван районундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0