Улуу Жеңиштин урматына болчу парад "Ала-Тоо" аянтында өтөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАскердик парад. Архив
Аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскердик парадды КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси генерал-майор Асанбек Алымкожоев кабыл алат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин урматына болчу парад 9-майда "Ала-Тоо" аянтында саат 10.00да башталарын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аскердик парадды КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси генерал-майор Асанбек Алымкожоев кабыл алат.

"Парадка Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүмүнө кирген аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери жана офицерлери, аскердик техника жана куралдар, ошондой эле авиация катышат", — деп айтылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Жеңиш күнүнө карата Бишкекте элдик сейилдөөлөр болот - Sputnik Кыргызстан
Жеңиш күнүнө карата Бишкекте элдик сейилдөөлөр болот
Аземден кийин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, расмий адамдар жана иш чаранын катышуучулары салтка ылайык "Ала-Тоо" борбордук аянтында орнотулган, талаа палаткаларында уюштурулган аскердик ашканадан даам сызышат.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдары мурдагы СССРдин башка республикалары менен бир катарда Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам же дээрлик ар бир төртүнчү адам салгылашкан. Анын 95 миңден ашууну салгылашууларда курман болгон. 150 миңден ашуун мекендештерибиз төшүнө орден, медаль тагынып кайткан. 73 мекендешибиз Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наамга татыган. 

Ардагерлерди урматтоо жана Улуу Жеңишке арналган түрдүү иш чаралар Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлөт.

LIVE: Жаштардын "Мен чоң атам менен сыймыктанам" жүрүшү >>>

LIVE: Жеңиш Парады. Бишкектен түз алып көрсөтүү >>>

Жаңылыктар түрмөгү
0