Деңиз судносу. Архив

Караколдогу аскер деңиз парады 13.30га белгиленди

52
(жаңыланган 11:31 09.05.2015)
Караколдогу аскер деңиз парадына 6 деңиз судносу жана жарандык эки катер катышат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Караколдогу аскер деңиз парады 9-май күнү, саат 13.30га белгиленгендигин Sputnik маалымат сайтына Россиянын аскердик деңиз флотунун куралдарды суу алдында сыноочу "Каракол" базасынан билдиришти. 

Аскер деңиз парады Улуу Жеңиштин 70 жылдык урматына өткөрүлүп жатат. Аскер кызматкерлеринин айтымында, аталган салтанаттуу иш-чарага 6 деңиз судносу жана жарандык эки катер катышат. 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери алты катер менен катарга тизилип Пржевальск булуңундагы кемелерге чейин барышат. Экипаждар параддык тизимде ардагерлер менен учурашып, үн сигналдарын беришет. Майрамдык салтанатта "Су — 25СМ" учактары асманга көтөрүлөт. Бул туурасында Россиянын Коргоо министрлигинин сайтында маалымдалды. 

Ардагерлер базанын аймагындагы эстеликке гүл коюп, россиялык аскерлер уюштурган майрамдык концертке жана түшкү тамактанууга катышат.

52
Белгилер:
Каракол, 'Каракол' базасы, Жеңиштин 70 жылдыгы, сыноочу
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
Тема боюнча
Улуу Жеңиштин урматына болчу парад "Ала-Тоо" аянтында өтөт
Ала-Тоо аянтындагы "Жеңиштин мураскерлери парады"
Кыргызстандын гвардиялык аскерлери Москвага Жеңиш парадына жөнөп кетер алдында
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

11
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

11
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы
Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев. Архив

КР президентинин администрация өкүлү: интернационализмге шарт түзөлү

21
(жаңыланган 14:37 23.09.2021)
Кудайберген Базарбаев Бишкекте жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясына катышып, элди тилектештикке чакырды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев интернационализмге шарт түзүп берүүгө чакырды.

Ал Бишкекте акынкы чет өлкөлөрдөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.

"Мындай иш-чаралар өтө пайдалуу. Башка улуттагы мекендештердин кызыкчылыгын коргоп гана тим болбой, аларга эч кандай тоскоолдук жаралбагыдай шарттарды түзүп берүүгө аракет кылалы. Башкысы, интернационализм, достук, тилектештикти күчөтүүгө жан үрөйлү", — деди Базарбаев.

Анын айтымында, дал ушул нерселер бизге чейинки муунга күч берип, алар бири-бирин дос жана бир туугандай кабыл алышкан.

21
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, ынтымак
Тема боюнча
Россиянын элчиси мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды