Темнохудов: масштабдуу аскер деңиз парадына даярдык көрүүгө эки ай кетти

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскердик деңиз флотунун экипажы. Архив
Россиянын аскердик деңиз флотунун экипажы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын аскердик деңиз флотунун куралдарды суу алдында сыноочу "Каракол" базасынын аскерлери тарабынан даярдалган деңиз парады ишемби күнү саат 13.30да болот. Караколдогу парадга алты кеме жана эки жарандык катер катышат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Масштабдуу деңиз парадына даярдык көрүүгө эки ай кеткенин Россия Федерациясынын Ысык-Көлдөгү аскер бөлүгүнүн командири Антон Темнохудов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Караколдогу аскер деңиз парады 13.30га белгиленди
Россиянын аскердик деңиз флотунун куралдарды суу алдында сыноочу "Каракол" базасынын аскерлери тарабынан даярдалган деңиз парады ишемби күнү саат 13.30да болот. Караколдогу парадга алты кеме жана эки жарандык катер катышат.

Темнохудовдун айтымында, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарымдуу өкүлчүлүгү эки ай мурун Россиянын Кыргызстандагы элчилигине Улуу Жеңиштин урматына арналган иш чараны биргеликте өткөрүү сунушу менен кайрылган.

"Параддык тизимдеги алты кеме биздин базанын жанында болот, ардагерлер түшкөн калган кемелер параддык тизимдин жанынан өтөт", — деди ал.

Ошондой эле, аскер бөлүгүнүн командири аба ырайынан улам, Россиянын авиабазасынын учактары параддан учпай турганын белгиледи. Параддан кийин авиабазанын аймагында ардагерлердин урматына концерт, майрамдык түшкү тамактануу жана салтуу болуп аскердик 100 грамм берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0