Ислам. Архив

Баткенде экстремизм жана терроризм боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери башталды

100
(жаңыланган 09:20 11.05.2015)
Баткен облусунун аймагында радикалдык диний уюмдарга киргендердин алдын алуу жаатында муфтият өзүнүн багыты боюнча иш чараларды өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткенде облусунун жума намаздар окулуучу мечиттеринде жана эл арасында "Экстремизм жана терроризм ислам эмес" деген теманын алкагында түшүндүрүү иштери башталды.

Баткен облусунун казыятынын маалымат кызматы аталган облустун казысынын милдетин аткаруучу Султанмуратов Пазыл ажы тарабынан бул жаатта имамдарга тапшырма берилгендигин маалымдады.

"Жума намаздары окулуучу мечиттерде бирдиктүү хутбага кошумча "экстремизм жана терроризм — бул ислам эмес" деген темада түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды", — деп билдирди маалымат кызматы.

ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы жергиликтүү ички иштер органдары менен биргеликте экстремисттик ишмердүүлүктүн алдын алуу боюнча ыкчам-иликтөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. 

ИИМдин аталган бөлүмүнүн маалыматында кызыл-Кыя шаарынан Сирияга жалданмачылык менен кеткен 12 адам кеткендиги анылкталган. Алардын ичинен 3өө аял кишилер, ал эми экөө аял-күйөөсү болгон. 

Мындай жагдайлардан улам, элдин арасында Сирияга азгырылуунун алдын алуу, карапайым элге ислам деген Сирия эмес экендигин, анын чыныгы исламга тиешеси жоктугун түшүндүрүү зарылдыгы турат.

100
Белгилер:
Сирия, Баткен, Кызыл-Кыя, ИИМ, ИИМдин 10-башкармалыгы, дин, диний радикалдашуу, жалдануучулук
Тема боюнча
Жума намазда Ош облусунун мечиттеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт
Кара-Суу: Шарк айыл өкмөтүндө 3 кабаттуу мечиттин курулушу башталды
Суусундук кармаган кыздар. Архивдик сүрөт

Ден соолукту талкалаган суусундук. Дарыгердин эскертүүсү

223
Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук.

"Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген. 

223
Белгилер:
Россия, ден соолук, суусундук, зыян
Тема боюнча
Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду
Тоолуу аймак. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

235
18-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +23…+25 градус болот.

235
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы