БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев "Центерра Голд Инк" компаниясынын акционерлеринин жалпы отурумунун жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.
Таратылган маалыматта Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңеши өкмөт башчыга акционерлердин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат бергендиги айтылат.Торонтодо 8-майда Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңеши жыйын өткөргөн. Ага Кыргызстандан Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү Кылычбек Шакиров, Калийнур Садыров, Эмил Орозбаев жана "Кыргызалтын" ААКтын жетекчилиги катышкан.
Буга чейин экс-өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кумтөр маселесин өкмөттө көтөрүп жатканда "Центерра Голд Инк" компаниясынын директорлор кеңешинин курамын өзгөртүп, Кыргызстандын атынан жети чет элдик жаранды киргизүүнү сунуштаган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.