Тортто жайгашкан АКШ желектери. Архив

ТИМ: КРге дипломатиялык жүктүн келиши боюнча АКШ элчилигинен нота түшө элек

(жаңыланган 17:42 12.05.2015)
Министрликтин расмий өкүлүнүн айтымында, бир катар ЖМКларда Кыргызстанга АН-76 учагы менен АКШ элчилигинин дипломатиялык жүгү келет деген маалымат чыккан.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен дипломатиялык жүктүн келиши боюнча нота түшө электигин КР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Суеркулов билдирди.

Анын айтымында, бир катар ЖМКларда Кыргызстанга АН-76 учагы менен АКШ элчилигинин дипломатиялык жүгү келет деген маалымат чыккан.

Апрель айынын аягында КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын элчилиги дагы 20 тонна дипломатиялык жүктү алып келе турганын билдирген.

Буга чейин бир катары ЖМКларда март айында украиналык авиакомпанияга таандык Ан-124 "Руслан" учагы "Манас" аэропортуна эки жолу конгонун жазып чыгышкан. Ал Бириккен Араб Эмирлигинен 152 тонна жүктү алып келген. Ал дипломатиялык жүк болгондуктан текшерүүгө болбойт.

Белгилер:
элчилик, Тышкы иштер министрлиги, Эрлан Абдылдаев, Нурлан Суеркулов, АКШ
Тема боюнча
Активисттер Кыргызстан менен АКШнын дипломатиялык мамилесин чектөөнү сунушташты
Саясат таануучу: АКШ менен ЕБнын саясаты европалыктардын үрөйүн учурат
Вашингтондо Кыргызстан менен АКШ эки тараптуу кеңешме өткөрдү
Саламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив

Министрлик Бишкекте уу коргошунга адамдар ууланганын тастыктап, чоо-жайын айтты

(жаңыланган 19:44 20.04.2021)
Ооруканага түшкөн 71 жана 67 жаштагы жубайлар кечээ аконит тундурмасын көбүрөөк дозада ичип алганын айтышкан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаада эки адам уу коргошунга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Алар бүгүн, 20-апрелде, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Токсикология бөлүмүнө жаткырылган.

"Уулангандар 71 жана 67 жаштагы жубайлар болгон. Алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлду. Бейтаптар узак убакыттан бери тундурманы ичип келгенин, күйөөсү жаңы ичип баштагандыктан кечээ дозасын көбөйткөнүн айтышкан. Ооруканада тиешелүү дарылануудан кийин алардын жүрөк-кан тамырынын иштөөсү калыбына келип, экөөнүн тең абалы турукташты. Интенсивдүү терапия уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик уу коргошунга ууланды делген дагы бир бейтап боюнча маалымат берди. Ал да бүгүн Тез жардам кызматынын унаасы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн.

"63 жаштагы кишинин жүрөгүнүн согушу солгундап, жүрөгү айланып, кусуп, алсырап, өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Алдын ала диагнозу "белгисиз заттан ууланган" деп айтылууда. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда", — деп билдирди министрлик.

Бейтаптын каны жана заарасы алынып, лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүргүзүү үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Буга чейин Бишкектин Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу
ЖКнын тармактык комитети министр Бейшеналиевди иштен алуу чечимин кабыл алды
Сокулук музыкалык мектебинин окуучусу Адинай Жумакадырова комуз белекке алды

Президенттен комуз сураган Адинай белегин алды. Сүрөт

(жаңыланган 19:10 20.04.2021)
Өзүмдүн өрүк комузум болсо деп кыялданган окуучу кыз президентке кат жазып көрүүнү чечкен. Мамлекет башчы Адинайдын өтүнүчүн жоопсуз калтырган жок.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Заведующий отделом Аппарата Президента Кудайберген Базарбаев подарил ученице Сокулукской музыкальной школы Адинай Жумакадыровой от комуз. 20 апреля 2021 года
    Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ученица Сокулукской музыкальной школы Адинай Жумакадыровой играет на подаренном от имени президента комузе. 20 апреля 2021 года
    Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды

Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.

Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.

"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.

Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.

Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Белгилер:
аспап, Нооруз, комуз, Садыр Жапаров, президент, Сокулук
Тема боюнча
Жапаров: Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон