Жерүй боюнча доо арызды Эл аралык арбитраждык сотто кароо убактылуу токтотулду

© Sputnik / Андрей Старостин / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Consolidated Exploration Holdings Жерүй алтын кенин иштетүү укугу жөнүндө лицензияны алып койгондугу үчүн 2013-мартында КР өкмөтүнө каршы 400 миллион долларлык доо арыз берген. Казак компаниясы КР өкмөтүнөн лицензияны алып койгону үчүн жөн гана компенсация төлөп беришин талап кылууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Эл аралык арбитраждык сотто Жерүй боюнча доо арызды кароо убактылуу токтотулду деп билдирди Кыргызстандын геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев. 

Consolidated Exploration Holdings Жерүй алтын кенин иштетүү укугу жөнүндө лицензияны алып койгондугу үчүн 2013-мартында КР өкмөтүнө каршы 400 миллион долларлык доо арыз берген. Казак компаниясы КР өкмөтүнөн лицензияны алып койгону үчүн жөн гана компенсация төлөп беришин талап кылууда.

Visor компаниясы "Жерүйалтын" ЖАКтын 60 пайыз акциясына ээлик кылат, калган пакети "Кыргызалтын" ААКка тиешелүү.

"Мурдараак Visor казак компаниясы доо арызды кароону убактылуу токтотуу жөнүндө суранган. Арызды кароо Жерүй боюнча конкурстун натыйжалары жарыялангандан кийин токтоду. Компаниянын мындай кадамына, мүмкүн, жаңы лицензия ээси "Восток-геолдобыча" ААК менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы себеп болду", — деп белгиледи Зилалиев. 

Ошол эле учурда республиканын өкмөтү Жерүй кенин иштетүүгө конкурс жарыялап, баштапкы баасы 100 миллион доллар деп белгиленген. Аталган конкурсту жана алтын жайын иштетүү укугун "Восток-геолдобыча" компаниясы жеңип алган. Бул ААК Муса Бажаевге тиешелүү "Русская платина" мамлекеттик концернинин бир бөлүгү болуп эсептелет.

"Жерүйалтын" ЖАК кен жайын иштетүү лицензиясын 2006-жылдын июлунда 10 жылдык мөөнөткө утуп алып, бирок төрт жылдан кийин КР өкмөтү бул лицензияны кайра алып койгон. Анын пикири боюнча, компания лицензиялык келишимде каралган өз милдеттерин аткара алган эмес. 

Талас областында жайгашкан Жерүй кени алтын кору боюнча өлкөдө Кумтөрдөн кийин экинчи орунда турат. Ал жердеги алдын ала божомолдолгон алтындын көлөмү 100 тонна. Ал жай жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендерге кирет, жана аны иштетүүчүлөр конкурстук негизде аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0