БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Sputnik кабарчысы жол окуясы болгон жерден жашырынып кетти делген айдоочуну өзү тапты.
Автобустун айдоочусу Канатбек Анарбаев Sputnik кабарчысы менен болгон маекте жашырынып калды деген маалыматты четке какты.
"Мен апага өйдө турганга жардам бердим. Баары жайында экенине ынандым. Бирок мен график менен иштейм да, маршрутту аягына чыгарышым керек. Ошондуктан кайра жолумду улантууга аргасыз болдум. Эртеси эртең менен болсо кайра ишке чыктым. Эч кимден жашырынган эмесмин", — дейт Анарбаев.
Автобустун айдоочусу шаршемби күнү жабыр тартуучуга өзү телефон чалып, материалдык жардам көрсөтүү үчүн жолугууну сунуштаган.
Мурдараак Бишкектин башкы ички иштер башкармалыгынын жол күзөт кызматы окуяга күбө болгондорду жана ал жөнүндө кандайдыр маалыматы барлардын баарын 0 (312) 532-233, 0 (701) 102-652 же 102 телефонуна кайрылууну өтүнгөн.
Тартип сакчылары кылмыш белгиси жок жол окуясы болгон жерди таштап кеткендик үчүн административдик мыйзамдар тарабынан унаа каражатын айдоо укугунан төрт жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу же 10 миң сом көлөмүндөгү айып салуу жазасы каралгандыгын эскерткен эле.