Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюуга жардам берет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюуга жардам берет
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюуга жардам берет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Селден жабыркаган калканыч курулуштарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калыбына келтирет.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бейшемби күнү Кубатбек Боронов Жалал-Абад менен Баткен облусундагы сел жүргөн райондордун акимдери менен кезексиз жыйын өткөрүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюуга жардам бере турганын билдирди. 

Жыйында жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды. Чогулуш маалында министр Кубатбек Боронов жабыр тартып, авариялык абалдагы жайларды калыбына келтирүүгө ӨКМ жардам берерин баса белгиледи.

Бороновдун айтымында, үч күн ичинде селден жапа тарткандарга жардам берүүнү уюштуруу керек.

"Министрлик селдин кесепетинен жабыр тарткан калканыч курулуштарды калыбына келтирет", — деди ал.

Бир катар акимдер күйүүчү май жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө атайын техникаларды берүүнү өтүндү. Боронов өз кезегинде министрликтин башкармалыктарынын жетекчилерине селдин кесепеттерин жоюу үчүн тийиштүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0