"Ардагерде" дарылануудан тышкары, пенсионерлер сүйлөшүп, маектеше турган жай ачылат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүВрач пенсионердин кан басымын текшерип жатат. Архив
Врач пенсионердин кан басымын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир каалаган ардагер социалдык жактан коргоо органдарына документтерин тапшырып, дарыланса болот.

БИШКЕК, 15 мая — Sputnik. "Ардагер" пансионатынын базасында геронтологиялык борбор түзүү пландалып жатат деп билдирди Бишкектин социалдык өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Абылаев.

Пенсия курагындагылар үчүн ачылган "Ардагер" пансионаты борбор калаага карайт жана жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Акыркы эки жыл катары менен шарттарды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп, чатыры жабылып, жылуулук тармактары жаңыланган. 

"Бир эле учурда пенсионерлерге укалоодон баштап, дарылоонун бир топ түрлөрү жасалат, үч маал тамак берилет. Пансионат жылына 960 улгайган адамдарды тейлейт", — деди Абылаев. 

Каалаган ар бир ардагер социалдык жактан коргоо органдарына документтерин тапшырып, дарыланса болорун айтты ал.

"Пансионаттын базасында геронтологиялык борбор түзүлөт, ал жерде пенсионерлер дарыланып эле тим болбостон, башка курдаштарды таап, жаңы кызыкчылыктар менен алектене алат", — деп билдирди башкармалыктын жетекчилиги. 

Борбордо жарым стационардык шартта дарыланганга мүмкүнчүлүк түзүлүп, анда баарлашып, сүйлөшүүгө аянтча ачылат.

Кыргызстанда 590 миң пенсионер болсо, анын ичинен 435 адам – өтө улгайгандар.

Жаңылыктар түрмөгү
0