Кочкор районунда эшектерди союп, терисин сыйрып кетишүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековРасфасованное мясо. Архивное фото
Расфасованное мясо. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кочкор районунун бир катар айылдарында күздөн бери эшекти союп, терисин сыйрып кеткен учурлар катталууда. Союлган эшектин этин талаага таштап кетип жатышат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Былтыр октябрь айынан бери Нарын облусунун Кочкор районундагы айылдардан эшекти союп терисин сыйрып кеткен фактылар катталып жатканын Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Айманов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди. 

Ал, ошондой эле, бир жума мурун териси сыйрылып, талаага ташталган бештен ашык эшекти жергиликтүү тургандар тапканын айтты.

Айманов билдиргендей, мындай көрүнүштөр бир гана алардын айылында эмес, коңшу айылдарда да катталууда.

"Былтыр күздөн бери ушундай фактылар болуп жатат. Эшекти союп, анын терисин гана сыйрып кетишүүдө. Биз отуздан ашык эшектин бүкүлү эттерин таптык. Мындай аракеттер биздин айылда эле эмес, коңшу айылдарда да кездешүүдө", — деди ал.

Эшектин эти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Ата районунда табылган 101 эшектин бүтүн эти жок кылынды
Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү жаштар менен биргеликте окуяга шектүүлөрдү издөөгө аракет кылышкан, бирок жыйынтык болгон эмес. Алар бул факты боюнча аймактык милицияга кайрылган.

Февралдын аягында Чүй облусунун Сокулук районунда да эшек союу фактысы катталып, коомчулуктун көңүлүн өзүнө алган. Эшектерди сойгон "Кайтал" АК анын эттери Гонгконгдогу зоопарктарга жөнөтүү үчүн даярдалганын айткан болчу.  Аталган факты боюнча "Кайтал" фирмасына каршы кылмыш иши козголгон.

Эшек этинин чуусу менен шаардагы бир катар коомдук тамактануу жайлары да текшерүүгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0