Түптүн аскер комиссариаты альтернативалык кызмат үчүн төлөнгөн акчаны ээлеп алышкан

Жазылуу
Түп районунун аскер комиссариатынын кызмат адамдары иш абалынан кыянаттык менен пайдаланып, альтернативалык кызмат үчүн төлөнгөн 244 миң сомду ээлеп алышкан

БИШКЕК, 15-май— Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунун аскер комиссариаты альтернативалык кызмат үчүн төлөнгөн каражатты ээлеп алганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Балыкчынын аскер гарнизондук прокуратурасы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, Түп райондук аскер комиссариатында иштегендер кызматтык абалынан кыяныттык менен пайдаланганын аныкташкан.

"Түп районунун аскер комиссариатынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, альтернативалык кызмат өтөө үчүн төлөнгөн 244 миң сомду ээлеп алган", — деп айтылат аталган кызмат тараткан билдирүүдө.

Бул факт боюнча Балыкчы аскер гарнизондук прокуратурасы "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0