Кытай жарандары Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кытайдын тогуз жараны кармалды.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош чек ара отрядынын "Эркечтам" заставасынан бейшемби күнү Кытайдын тогуз жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Премьер кыргыз-өзбек чек арасында болгон жаңжалды обьективдүү иликтөөнү тапшырды
Чек араны бузган жарандардын жанында алардын ким экенин тастыктай турган документтер болгон эмес. Кармалган жарандар эмне максат менен кыргыз-кытай чек арасынан өткөнүн да түшүндүрүп бере алышкан эмес.

Тийиштүү документтер толтурулган соң Кытайдын жарандары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ош облусунун Алай районундагы кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0