Бишкектин вице-мэри: квартираларда бордель болбошу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын көрүнүшү. Архив
Бишкек шаарынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын "Чыгыш-5" кичи районуна караштуу №19-үйдүн тургундары турак-жайларын мейманкана кылып тапшыруучу батир ээлерине даттанышууда. Алар билдиргендей, "тогуз батирдин айынан бүтүндөй үй сойкуканага айланып кеткен".

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте батирлердин сойкуканага айлануусун токтотуу керек деп билдирди калаанын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков.

Бишкеке шаарынын көчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исмаил Исаков: Бишкек тилемчилердин шаарына айланып бара жатат
Жума күнү борбор калаанын "Чыгыш-5" кичи районуна караштуу №19 үйдө түзүлгөн маселени чече турган сот өтөт. Анын себеби аталган үйдүн тургундары акыркы он жылдан бери өз батирлерин мейманкана ордуна пайдаланып жаткан кошуналарынын үстүнөн ар түрдүү органдарга даттанып келишет. Алар билдиргендей, "тогуз батирдин айынан бүтүндөй үй сойкуканага айланып кеткен".

Шаршемби күнү окуя болуп жаткан жерге шаардын вице-мэри Малабеков баш болгон муниципалдык комиссия барып кайтты. Анын мүчөлөрү билдиргендей, Бишкектин Свердловск райондук администрациясынын атынан сотко арыз берилип, анда өз батирлерин мейманкана катары берип жаткан тургундардын иш-аракетин мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү айтылган.

"№19 үйдүн мисалында бүтүндөй шаар боюнча аталган маселени көтөрүп жатабыз. Мындай көрүнүштөр күнү-түнү жеңил ойлуу кыздар, алардан кийин калчу таштандылар менен коштоло турганы баарына жакшы маалым. Бул жерде болсо кичине балдар ойнойт да", — деди Малабеков.

Вице-мэр аталган үйдүн тургундары эки жыл мурун ушундай эле арыз менен сотко кайрылганын баса белгиледи. Бирок процессте жеңе алышкан эмес. Эми ишти муниципалитет өзү колго алды.

Эгер сот мэриянын пайдасына чечим чыгарса, №19 үйдөгү батир ээлерине өз турак-жайларын мейманкана катары пайдаланууга тыюу салына турганын кошумчалады Малабеков.

Жаңылыктар түрмөгү
0