Москвада каза болгон мекендештин сөөгүн жөнөтүүдө кыргызстандыктар биримдигин көрсөттү

© Sputnik / Vladimir Pesnya / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва облусунун Дмитриев шаарында курулушта иштеп жүрүп каза болгон кыргызстандык мигранттын сөөгү аталган аймактагы мекендештер чогулткан каражат менен жөнөтүлмөй болду.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Москвада иштеп жүрүп каза болгон Калыбек Сагынбековдун сөөгүн Кыргызстанга алып келиш үчүн ал жакта жашаган мекендештер каражат чогултуп берди. 

Анын сөөгү аба каттамы аркылуу 16-майда, же эртең 17-майда Бишкек шаарына келет. Бул туурасында учурда Дмитриев шаарында өлүкканада сөөктү алган топ менен жүргөн Москва шаарында жашап, иштеп жаткан мекендешибиз Жылдыз Осмонова Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Казань шаарында болгон өрттөн Кыргызстандын жараны каза болду
Кыргызстандык Сагынбеков Москва облусунун Дмитриев шаарындагы курулушта иштеп жүргөн, анын сөөгү 12-майда табылган. 

Осмонова сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүгө керектелген 40 миң рублди Москвада сегиз жылга жакын убакыттан бери жашап, иштеп жаткан Рахат Нуркакиев аттуу кыргызстандык жаран кошо чуркап чогултканын билдирди. 

Ал кыргызстандык жаран Сагынбековдун Москвада каза болгондугу туурасында анын агасы Кыргызстандын жардам сурап чалгандыгын Фейсбук социалдык баракчасына жазып, мекендештерди сөөктү мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган. 

Sputnik маалымат сайты маркумдун агасы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арчалы айылында жашаган Карыпбек Сагынбеков менен байланышканда ал колунан келген акчасын жибергендигин, бирок, ал жетпей тургандыгын айткан. 

"Каныбек Россияга мындан 13 жылда мурда кеткен, ал курулушта иштеп жаткандыгын айтчу. Биз 20 миң сомдой каражат эле чогулта алдык. Өлүкканадан чыгаруу үчүн эле 15 миңге жакын рубль төлөш керек экен. Өзүм пенсиядамын, аялым майыптыкта, айлам кетип турат", — деди. 

Осмонованын маалыматында, маркумду мекенине жөнөтүүгө кеткен чыгымды Москва аймагында иштеп жүргөн кыргызстандыктар 21 сааттын ичинде чогултушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0