БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Эстрада жылдыздары Бишкекте кандай аба ырайы болсо да концерт коюшат деп билдирди Sputnik маалымат агенттигине Бишкек мэриясынан.
Россиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин "Ала-Тоо" аянтында 16-майда Энелер майрамына карата саат 19:00дө концерт берет.ӨКМ дем алыш күндөргө катар шашылыш билдирүү таратып, күндүн көзү бузулаарын кабарлаган. Бирок, артисттер буга карабастан элге концерт беришет.
Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2012-жылы бекитилип, ал май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Концерт мамлекет башчысынын көмөгү менен өтүп жатат, каалоочулар бекер кире алышат.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.
"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.
Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Эртең, 14-апрелде, Бишкек шаарынын бир нече жеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунан кабарлашты.
Ал күнү адистер подстанциялардагы электр жабдыктарын оңдоп, бутактарды кыйып жана башка жумуштарды жасамакчы.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.