Интернаттагы бала: тарткан розаларым – алар каза болуп калган атам менен апам

© Sputnik / Александр Демьянчук / Медиабанкка өтүүБалдардын тарткан сүрөтү. Архив
Балдардын тарткан сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор шаарда жайгашкан №71 мектеп-интенаттанын окуучулары дүйнөдөгү эң ыйык адам – апаларына арналган сүрөттөрдү тартышты.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жетинчи класстын окучусу гүлдөп турган бир нече гүлдү жана алардын арасынан соолук калган эки розаны тартты. Ал мунусу менен ата-энесинин жок экендигин, аларды эжеси экөө дайыма сагынаарын айткысы келген. 

Sputnik маалымат агенттиги Энелер күнүнө карата Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте №71 мектеп-интернаттын окуучулары менен сүрөт тартуу сабагын уюштурду. Ошентип балдар өз колу менен тарткан сүрөттөрүн энелерине арнады.

 Бешинчи класстын окуучусу Гүлжан какым кукумду тартып, апасына болгон сагынычын сүрөттүн артына жазган. Чоңдорду кайдыгер калтырбаган сүйлөм окуган адамды муун-жүүнүн бошотот. 

© ГульжанНе обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната
Не обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната - Sputnik Кыргызстан
Не обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната

"Жазында "одуванчиктер" көп болгону — анткени алар балдары менен турушат. Мен апамдын жазында гана келип кетээрин билем. Апам бир жумалык өмүрүн менен өткүзөт, анан аягында кайдан жайдан келген шамал учуруп кетет. Мен ал гүлдү көргөндө карап гана отура берем. Мен апамды ар дайым жаздын гүлүнө салыштырам. Ар дайым жаан жааганда апамды алып кетээрин билем, андыктан жамгыр төккөн сайын апама баргым келе берет. Мен апамды жамгырдын тамчыларына окшоштуруп, анын келишин күтөм. Жамгыр менен келген гүл апамдын жүрөгүн алып кетет", — деп жазган кичинекей кыз.

Ал эми жетинчи класстын окуучусу Максат бир нече розалардын ичинде соолуп тургандары каза болуп калган атасы менен апасы экендигин баяндап берген. 

© МаксатНе обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната
Не обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната - Sputnik Кыргызстан
Не обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната

"Баш жагындагы соолуп калган эң чоң роза – апам, кийинки кичинекей роза – мен. Андан чоңураагы эжем. Соолуп калган дагы бир роза – атам. Мындайча айтканда: апам менен атам эжем экөөбүздү тең таштап кетти. Ал эми калган гүлдөр жыргап атасы, апасы менен жашап жаткан балдар. Албетте, мен бул соолуган розаларды тартпай эле койсом болмок, бирок, мен аларды эч качан унутпайм. Ошондуктан аларды тарттым!", — деп жазган өспүрүм.

Интеранттын дагы бир тарбиялануучусу Бектур апалар жок болсо баары жаман экендигин, андыктан апаларды түшүңөрдө да таарынтпагыла дейт. 

© БектурНе обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната
Не обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната - Sputnik Кыргызстан
Не обижайте мам даже во сне. Рисунки детей школы-интерната

“Бала апасы жок болсо ыйлайт, түшүндө да көрүп, сагынат. Андыктан, апаларды түшүңөрдө да таарынтпагыла”, — деп чакырат ал башка балдарды.

Окуучулардын сүрөттөрүндө көп учурлар чагылдырылган, бирок, анын баарында эненин образы орун алган. Балдар апаларын жаркыраган күнгө, шамал, кардан тосуп турган тоолорго, шылдырап аккан сууга, жашыл майсаңга, бир нече күн гана ачылып, анан гүлдөп бүткөн какым кукум гүлүнө теңеген. 

Биз сөз кылып жаткан эмгектер мурдагы №71 орто мектеп, ал эми азыр ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернат болуп кайра түзүлгөн окуу жайдын тарбиялануучуларына таандык. 

Жаңылыктар түрмөгү
0