Sputnik грузин тилинде сүйлөй баштады Гамарджобат! — Саламатсыздарбы!

Sputnik грузин тилинде сүйлөй баштады Гамарджобат! Саламатсыздарбы!

33
(жаңыланган 14:37 18.05.2015)
Эл аралык Sputnik агенттиги дагы бир маалыматтык хабды ишке киргизди. Грузияда иштей баштаган жаңы порталды пайдалануучулар sputnik-georgia.ru дареги боюнча таба алат. Ал жерден эл аралык көйгөйлүү темалар боюнча ар кыл пикирлер менен таанышууга болот.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Эл аралык Sputnik хабы Грузияда өз ишин баштады.

sputnik-georgia.ru дареги боюнча табууга боло турган жаңы ресурс эл аралык көйгөйлүү темалар боюнча ар кыл пикирлерди берүүгө багытталган.

Презентация крупнейшего международного информационного бренда Спутник
© Sputnik / Алексей Филиппов
Көп кырдуу дүйнөнү сүрөттөп берүү менен Sputnik сайттары түрдүү пикирлерди салыштырып кароого кызыккан аудиторияга эсептелген. Грузиядагы портал англис, француз, серб, португал, араб, хинди, поляк, италия, чех, вьетнам, япон, корея, фарси, урду, дари, пушту, курд, швед, норвеж, дания, немис, испан, кытай, түрк, кыргыз жана абхаз тилдеринде иштеп жаткан Sputnik маалымат ресурстарын толуктайт. 

sputnik-georgia.ru сайтына чыгарылуучу маалыматтардын сапаты анда иштөөчү журналисттердин кесипкөйлүгү жана мультимедиалык форматтардын пайдаланылышы менен аныкталат. Сайт инфографика, видео, фоторепортаж, интернет-добуш берүү сыяктуу көп түрдүү контенттерди сунуштайт. Шашылыш маалыматтардан сырткары, Sputnik аудиторияга аналитикалшык материалдарды, эксклюзивдүү маектерди, эксперттик бааларды сунуштайт.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттары, аналогдук жана сан ариптик радио берүүлөрдү, уюлдук тиркемелери жана социалдык түйүндөрдө беттерди камтыйт. Жазылуучулар үчүн үчүн Sputnikтин жаңылыктык тасмалары күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде чыгып турат.

33
Белгилер:
Грузия, сайт, жаңылыктар, Sputnik
Тема боюнча
КР журналисттери Sputnik сайтынын социалдык эстафетасына активдүү катышууда
Sputnik сайтынан "Георгий тасмасы" акциясы
Sputnik сайты немис тилинде чыгып баштады
Sputnik Абхазия Республикасында сайтын жана радиоуктуруусун ишке киргизди
Капельницалар улануу учурунда. Архив

Бишкекте тамакка ууланган адамдардын саны 300гө жетти

11
(жаңыланган 11:13 28.10.2021)
Уулануу өткөн ишембиде катталып, жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Учурда ооруканада 31 киши дарыланып жатат, анын бешөө балдар.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Буга чейин кайрылгандар 253 болчу. Мурзашевдин айтымында, кечээ кечинде алардын саны 290го жетип, эртең менен 300 болду.

Учурда ооруканада 31 киши дарыланууда, анын бешөө балдар. Абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтаптар акырындан үйүнө чыгарылып жатат. Кечээ стационарда 60 киши бар болчу.

Эске салсак, тамакка уулангандар 23-24-октябрь күндөрү ооруканага түшө баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке, 26-октябрда 179га жеткен.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.

11
Белгилер:
Бишкек, тамак, уулануу, бейтап
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Кыргызстанда кайсы объектилер капилет текшерилиши мүмкүн. Тизме
Паркка бак тигүү. Архив

Кагаз калдыгын көчөткө алмаштырып, паркка бак тиге аласыз. Акция

21
Борбор калаадагы "Ынтымак" жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парктарга 500 түп көчөт тигүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте "Бир жарандан бир көчөт" деп аталган акция өтүп, кагаз калдыктарын тапшырган киши калаадагы паркка бак отургузууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Анын алкагында "Ынтымак" жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парктарга 500 түп көчөт тигүү пландалып жатат.

"Аталган министрлик "Шаардык парктар" муниципалдык кызматы менен биргеликте 30-октябрда экологиялык акция өткөрүп, ага катышууну каалагандарды чакырат. 3 килограмм кагаз калдыгын же беш даана желим бөтөлкөнү бир көчөткө алмаштырып, аталган парктардын аймагына бак отургузса болот", — деп билдирди маалымат кызматы.

Иш-чара ишемби күнү саат 10:00дө башталмакчы.

21
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, парк, көчөт, кагаз, акция
Тема боюнча
Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу