ИИМ: энеси кыздарынын өгөй атасы тарабынан зордукталышы боюнча арызын кайта алды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова аял менен чогуу жашаган киши анын эки кызын зордуктап салышы боюнча окуяга милиция эч кандай чара көрбөй жатат деп билдирген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыздарынын өгөй атасы тарабынан зордукталышы боюнча жазылган арызды энеси кайта алган. Аялдын ага карата эч кандай доосу жок экенин КР ИИМдин маалымат кызматы Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алты жаштагы кызды зордуктаган киши кармалды
Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова аял менен чогуу жашаган киши анын эки кызын зордуктап салышы боюнча окуяга милиция эч кандай чара көрбөй жатат деп билдирген. Анын айтымында, сот медициналык экспертиза дарыгерлердин чыгарган жыйынтыктарын жокко чыгарып, анын негизинде шектүү жаранды кое беришкен.

ИИМден билдиришкендей, өткөн ишемби күнү милицияга аял кайрылып, аны менен чогуу жашаган киши 6 жана 10 жаштагы эки кызын зордуктап койгонун айткан. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин аял жазган арызын кайта алган.

Кордук көрсөтүү боюнча экспертиза аяктай электигин ИИМдин өкүлдөрү билдиришти. Алар да сот медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0