Жол боюндагы таштар. Архив

Ош Эркечтам жолун кайра калыбына келтирүүдө Ош областынын айдоо аянттары бузулган

101
(жаңыланган 17:18 19.05.2015)
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Коррупцияга каршы кызматтын адистери тарабынан Ош — Эркечтам жолун кайра калыбына келтирүүдө China Road and Bridge Corporation биргелешкен ишканасы Транспорт министрлигинин жол берүүсү менен жер алдындагы кендерди коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы аныкталган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы Ош — Эркечтам жолун кайра калыбына келтирүүдө жеке компания тарабынан жер алдындагы кендерди коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуга жол бергендик фактын аныктаган деп билдирет ведомствонун маалымат кызматынан.

Бишкек — Ош — Эркечтам жолу Ош — Бишкек стратегиялык унаа жолунун уландысы жана Кыргызстан менен Кытайды туташтырып турат. Ал эми Сары-Таш — Карамык жолу аркылуу биздин өлкө Тажикстан менен катташат. Аталган жолдор түштүк аймактарын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ унаа каттамдары болуп эсептелет. Жолду оңдоого кеткен инвестициялык салымдын жалпы суммасы 220 миллион долларды түзгөн.

Коррупцияга каршы кызматтын Ош областы боюнча бөлүмү ыкчам териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда Ош — Эркечтам жолун кайра калыбына келтирүүдө China Road and Bridge Corporation биргелешкен ишканасы Транспорт министрлигинин жол берүүсү менен жер алдындагы кендерди коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгын аныктаган.

Тергөөчүлөр аталган ишкана мыйзамдарды бузуу менен, атайын уруксат берүүчү документери жок эле Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу жолго жакын жайгашкан карьерлерден кум-шагыл өндүрүп алып, натыйжада 105 гектра аянттагы айдоо жердин түшүм берүүчү катмарына зыян келтиргенин аныктаган. 

Мамлекеттик экотехинспекциясынын аймактык бөлүмү берген бүтүмгө ылайык, келтирилген зыян дээрлиик 1,5 миллион сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча КРдин УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 275 ("Кен жайларын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузгандык") жана 316 ("Шалаакылык") беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

101
Белгилер:
жолдорду оңдоо, жол, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы, Эркечтам, Бишкек, Ош
Тема боюнча
Кулматов: жолдогу аң-чөнөктөр сапаттуу оңдолбосо, башыңар менен жооп бересиңер
Бишкек – Ош жолундагы жол кырсыктан КР жараны жана Тажикстандын төрт жараны каза болду
Сариев: жолдорду куруп-оңдоого каражат табылат
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

18
(жаңыланган 17:55 24.10.2020)
Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен көп маселелерди талкуулаганын, анын ичинде Кыргызстандын бюджетине колдоо катары финансылык жардам тууралуу дагы сөз болгонун айтты.

"Дмитрий Николаевич Козак жана анын кесиптештери менен жолуктук. Россия тарап Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн абалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду", — деди Казакбаев.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Ошондой эле жолугушууда Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болду.

"Биздин өкмөттүн иши, алдыда келе жаткан саясий иш-чаралар тууралуу кеп кылдык. Анан, албетте, азыркыдай катаал убакта Россия тараптан Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде берген жардам тууралуу сүйлөштүк", — деди ТИМ башчысы.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

18
Белгилер:
жардам, каражат, экономика, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт

Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу

189
Украина лидери муз аянтчанын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан учурда катуу үн чыккан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполь шаарындагы Mariupol Ice Center муз аянтынын ачылыш салтанатында катуу чыккан үндөн чочуп кетти.

Окуянын видеосун "Страна.ua" Telegram-каналы жарыялады.

Окуя муз аянтчанын ачуу салтанаты бүткөндөн кийин болду. Расмий иш-чара аяктагандан соң "Мариуполь" менен "Сокол" (Киев) хоккей командаларынын беттеши башталган. Бул учурда украина лидери муз аянтынын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан.

Видеодо көрүнүп тургандай, президент сүйлөп жатканда күтүүсүз жерден катуу үн чыккан. Зеленский чочуп кетип, кулагын жаап калганы көрүнүп турат. Ал учурда анын жанына дароо жан сакчы келе калган.

"Баары жайында, баары жайында", — деген Зеленский.

Президент андан ары тамашага салып жыйында жалаң баатыр жүрөктүү спортчулар отурганын айтып сөзүн улаган.

Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео

Зеленский техникалык себептерден улам жолугушууну үн күчөткүчсүз эле улантууну сунуштаган.

189
Белгилер:
үн, Украина, Владимир Зеленский
Тема боюнча
Рада депутаты: Украинада Зеленскийди тактан кулатууга даярдык жүрүп жатат
Жооп берип каласыз! Кадыров Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылды
Киберкоопсуздук. Архивдик сүрөт

Медведев БУУ аянтчасындагы киберкоопсуздук боюнча келишимге чакырык жасады

0
(жаңыланган 18:15 24.10.2020)
Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп жана маалымат айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бере аларын РФтин Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында жазды.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын макаласын толугу менен RT телеканалынан таанышууга болот.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

"Глобалдуу маалымат айдыңында коопсуздукту камсыздоо принципиалдуу мааниге ээ болуп бара жатат. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек", — деп айтылат макалада.

Медведев бул боюнча кылмыштардын арбып бара жаткандыгын да жазган.

"Санариптин өнүгүшү, тилекке каршы, маалыматтык айдыңда кылмыштардын арбышын жаратат (анын пандемия учурунда көбөйүп кеткендигин байкоого болорун белгилей кетели)", — деген ал.

Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп жана маалыматтык айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.

Ал БУУнун Башкы Ассамблеянын 73-сессиясында көпчүлүк добуш менен россиялык резолюция кабыл алынгандыгын эске салды.

Медведев пандемия маалындагы мамлекеттердин башкы милдети тууралуу айтты

"Аталган резолюциянын зарылдыгы улут аралык мүнөздөгү чакырыктар эл аралык коомчулуктун жапа тырмак катышуусунда гана майнаптуу болорунда турат. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бериши мүмкүн. Ал эл аралык укуктун ченемдерине, принциптерине таянат, маалымат тармагындагы жалпы кызыкчылыктарга жооп берет", — деп айтылган макалада.

Медведевдин айтымына караганда, мындай нерсе "эл аралык тынчтык менен коопсуздукту колдоону арттырып, аны менен катар эле эл аралык укукта макулдашылбаган технологияларды колдонууга жол бербейт".

0
Белгилер:
резолюция, киберкылмыштуулук, пандемия, Дмитрий Медведев, БУУ, Россия
Тема боюнча
Медведев БУУда "өзөктүк бештиктин" жеке саммитин өткөрүүнү сунуштады