Бишкектин жаңы конуштарында мектепке барбаган балдарды аныктоо башталат

Жазылуу
Окуучулардын билим алуусун камсыз кылуу үчүн мектепке барбай жүргөн балдарды аныктап жана алардын сабакка келип-кетүүсүн көзөмөлдөгөн долбоор башталды.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы, Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Балдар фонду менен биргеликте Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы мектепке барбаган балдарды аныктоо иштерин улантууда. 

Архив: Бишкектеги мектептердин бириндеги билим күнүнө арналган жыйын - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жаңы конуштарда жаңы мектептер салынат
Долбоор 2015-жылдын августка чейин "Ак-Ордо", "Ак-Өргө", "Ак-Бата", "Мурас-Ордо", "Алтын-Ордо" — беш жаңы конуштарында жүргүзүлөт. Муну менен ал тобокелдик тобуна кирип, мектепке барбай калган балдарды билим жайларына кайтаруу иштери жасалат. Андын сырткары, жергиликтүү коомчулук жана билим берүү кызматкерлери менен жолугуп, окубай жүргөн балдарды таап, бирдиктүү тизме түзүү каралган. 

Бишкек шаарындагы №84, №86, №88, №43-мектептерде балдардын сабакка келиши боюнча автоматтык түрдө эсепке алган жабдууну орнотуп, программалоо иши да каралган. Программанын алкагында балдарга атайын магниттик карточкалар берилип, окуучунун мектепке киргени жана чыгып кеткени туурасында ата-энелерге СМС түрүндө маалымат берилип турат. 

"Бул иштердин максаты – балдардын мектепке келишин камсыз кылуу. Программа жарым жылга ылайыкталып, сентябрдын жарымынан тарта толук ишке киргизилет", — деди аталган долбоордун координатору Чолпонбек Тиленбаев. 

Бишкектин дагы 10 жаңы конушунда балдардын мектепке барып, жеткиликтүү билим алышы боюнча сапаттуу иликтөө жүргүзүү жана бул ишке мектепке барбаган балдардын курбуларын тартуу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0