Сот Самаковго телефон менен сүйлөшүүгө да тыюу салды

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефондор жана сим-карталар. Архив
Уюлдук телефондор жана сим-карталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Самаков үй камагы учурунда жашаган аймагынан өз алдынча чыгып кетүүгө, жакындарынан башка кишилер менен телефон, интернет аркылуу сүйлөшүүгө чектөө киргизилди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковду 15-июлга чейин эки айга үй камагына алуу чечимин Октябрь райондук соту жекшемби күнү 17-майда чыгарган.

Соттун чечимине ылайык, үй камагы учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Самаков жашаган аймагынан өз алдынча чыгып кетүүгө, жакындарынан башка кишилер менен телефон, интернет аркылуу сүйлөшүүсүнө тыюу салынды.

Октябрь райондук соту ошондой эле Самаковдун кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тааныйт. 

Депутат Самаковго андан башка төмөндөгү тыюулар да салынды:

  • Бишкек шаарынын Октябрь аймагынан чыгууга;
  • Туугандарынан башка кишилер менен жакындан сүйлөшүүгө;
  • Почта, интернет жана уюлдук байланыш аркылуу башкалар менен сүйлөшүүгө;
  • Митинг жана маалымат жыйын өткөрүүгө.

Бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө Октябрь райондук ИИБге жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0