Кол кишен. Архив

Прокуратура соттун Самаковду үй камагына чыгаруу боюнча чечимге даттанды

113
(жаңыланган 10:33 20.05.2015)
Октябрь райондук соту жекшемби күнү Самаковду 15-июлга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Октябрь райондук прокуратурасы райондук соттун Самаковду үй камагына чыгаруу боюнча чечимине даттанганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Карганбек Самаков Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деген шек менен 15-майда кармалган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иш козголуп, УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалган.

Октябрь райондук соту жекшемби күнү Самаковду 15-июлга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

"Самаков Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча оор кылмыш менен шектелип жатат. Ал эркиндикте жүргөндө күбөлөргө басым көрсөтүп, тергөө ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн", — деди прокуратуранын өкүлү.

Соттун чечимине ылайык, үй камагы учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Самаков жашаган аймагынан өз алдынча чыгып кетүүгө, жакындарынан башка кишилер менен телефон, интернет аркылуу сүйлөшүүсүнө, митинг жана маалымат жыйын өткөрүүгө тыюу салынды.

Самаков Жогорку Кеңештин IV чакырылышына "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген. Бирок ал 2014-жылдын аягында андан чыгып, өзүнүн партиясын түптөгөндүгүн айткан. 

Ал КМШ Парламент аралык Ассамблеясынын (ПАА) Саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары. ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары.

113
Белгилер:
депутат, Карганбек Самаков
Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)
Тема боюнча
Самаковду Октябрь райондук соту 2 ай үй камагына алууга чечим чыгарды
Депутат Самаковдун баласы атасынын эмне себептен кармалганы боюнча оюн айтты
Самаковдун жактоочусу ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

126
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

126
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

215
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

215
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды