Чек ара боюнча мыйзам жаңыланып, жакшыртылды

Жазылуу
Мамлекет башчысы ар тараптан каралып, жакшыртылып, бир катар тактоолор киргизилген чек ара туурасындагы мыйзамга кол койду.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул сапар документке бир топ өзгөртүүлөр киргизилип, андагы бири-бирине карама-каршы келген учурлар жөнгө салынган. 

Мыйзамды парламент 2015-жылдын 2-апрелинде кабыл алган. 

Автомат кармаган кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз жана Өзбек чек арачыларына куралды колдонуу тартибин түшүндүрүшүүдө
Мыйзамдын максаты чек ара мейкиндиги жана мамлекеттик чек ара маселелеринде Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо системасын укуктук жактан жөнгө салуу деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Аны менен катар эле чек ара чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин так жана ырааттуу ажыратуу, мамлекеттик чек ара жөнүндө колдонуудагы мыйзамда карама каршылыктарды жараткан укук ченемдерди жоюу милдеттери каралган.

Мыйзамда мамлекеттик чек арадагы, чек арага канатташ аймактардагы жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттардагы режимдерди аныктоочу негизги жана жалпы ченемдер өркүндөтүлдү. Андан сырткары — кеңейтилген түшүнүк аппараты киргизилип, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары так чектелип жана толукталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0