Поезддин коштоп жүрүүчүсү ок-дары контрабандасы менен кармалды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМынтык сатуучу магазин. Архив
Мынтык сатуучу магазин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аңчылык ок-дарылаыр алтынчы вагондон табылган, ал эми поезддин коштоп жүрүүчүсү аталган жүккө эч тиешеси жоктугун, сумканы ал Екатеринбургдан башка бирөөгө берип коюу үчүн гана алганын билдирди.

БИШКЕК, 20 мая — Sputnik. Поезддин коштоп жүрүүчүсү аңчылык ок-дарыларынын контрабандасы менен кармалганы тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Окуя шейшемби күнү “Кайыңды-Железнодорожный” текшерип өткөрүүчү пунктунда паспорт текшерүү учурунда болгон. 

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандан аткезчилик менен алынып келе жаткан жер семирткич жана жез кармалды
Текшерүүнүн жүрүшүндө купенин жүк салуучу бөлүгүндө отургучтардын алдынан аңчылык мылтыгынын жана 32 калибрлүү мылтыктын октору, ар бирине миңден пистон салынган эки куту, 500 грамм бытыра жана 1миң 250 желим ок табылган.

Аңчылык ок-дарылар алтынчы вагондон алынды, ал эми анын коштоп жүрүүчүсү аталган жүккө эч тиешеси жоктугун, сумканы ал Екатеринбургдан башка бирөөгө берип коюу үчүн гана алганын билдирген.

Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган адам Панфилов районунун ИИБ өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0