Чек арачылар менен психологдор иштей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековСтроевая подготовка спецназа. Архивное фото
Строевая подготовка спецназа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүдөгү жылдан тарта чек арачылар психологдор менен жигердүү кызматташа баштады. Атайы топ түзүлүп, ага Чек ара кызматынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү жана бул жаатта ири тажрыйбага ээ психологдор кирди.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жаш чек арачылар менен психологдор иштей баштаганын Sputnik маалымат сайтына Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Чек арада кыргызстандык чек арачылар өздөрүнүн эле заставасына ок чыгарган учурлар кездешкен. Ушул эле жылдын 16-январында чек арада белгисиз адамдар Лейлектеги “Айкөл” чек ара отрядына кол салышканы тууралуу Чек ара кызматы билидрген болчу. Натыйжада чек ара заставасынын начальниги Исмаилов  каза таап, эки чек арачы жарадар болгон. Кол салуу аталган чек ара заставасынын аскер кызматкери тарабынан уюштурулуп, ал эртеси кармалганы белгилүү болгон. 

Чек ара — адамдын мүнөзүн жана эркин сыноодон өткөрүүчү аймак
Буга катар эле Ысык-Көл облусундагы Эчкили-Таш чек ара заставасында 19 жаштагы чек арачы 2012-жылы төрт аскер кызматкери менен бирге бирөөсүнүн аялын кошо атып өлтүргөн окуя да эске түшөт. Каргашалуу окуядан кийин качып кеткен чек арачы куралдуу каршылык көрсөтүп, артынан түшкөн күч органдарынын огунан каза тапкан. 

Бул жылы чек ара кызматы психологдор менен жигердүү иш алып бара баштады. Атайы топ түзүлүп, ага Чек ара кызматынын тарбия иштери башкармалыгынын өкүлдөрү жана бул жаатта ири тажыйрбага ээ психологдор кирди.

Аталган топ 1-30 апрелге чейин аскердик кызмат өтөөгө чакырылган жаш чек арачылар менен иштеген окуу борборлорун кыдырып жүрөт.

“Алар аскердик дымагы төмөн, мамлекеттик чек араны кайтаруудагы чоң жоопкерчиликти аягына чейин сезип-аңдабаган балдар менен иш алып барууда”, — дейт Бөрүбаева.

Анын айтымында, жаш балдардын чоң жашоодон алыс жайгашкан чакан жамаатта аскер кызматын өтөшү — бул кызматтын өзгөчөлүгү. 

“Жоокерлердин жанында ар убак курал болот. Алар дайым жогорку даярдыкта болушу керек. Чек арада аскер кызматын өтөө башка мекемелерден ушунусу менен айырмаланат”, — деп белгиледи Бөрүбаева. 

Муну менен бирге, чыр-чатактарды чек ара наряддарынын жетекчилери чечиши керектигин эске албай коюуга болбойт. Бөрүбаеванын айтымында, жетекчи дайым эле наамы боюнча жогору тура бербейт.

“Бизге кызмат өтөйм деп келген ар бир аскер кызматы моралдык жактан климаттык да, географиялык да оор шарттарга даяр болушу керек. Мындан тышкары, ал курч кырдаалда өзүн жоготпой, учурга жараша чечим кабыл ала билиши зарыл”, — дейт Чек ара кызматынын өкүлү.

Психологдор чек арачылар менен мындан ары да иш алыпбарыша бермекчи. 

2015-жылы Чек ара кызматында Каракол, Айдаркен жана Ош шаарларында окуу борборлору ачылган. Бул борборлордо чек арада кызмат өтөөнүн бардык баскычтарын басып өткөн тажрыйбалуу офицерлер жаш чек арачылар менен иштешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0