Ош жана Кашкар шаарлары туризм жаатында кызматташууну көздөөдө

© Фото / cercamonОш шаарына панорама. Архив
Ош шаарына панорама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын Синьзян Уйгур Автономиялык Республикасынын тышкы иштер боюнча канцеляриясынын өкүлдөрү Ош шаарына келди.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Синьзян Уйгур Автономиялык Республикасынын тышкы иштер боюнча канцеляриясынын өкүлү Али Абламит Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугуп, кызматташуу боюнча сүйлөштү. 

Ал Кашкар жана Ош шаарларынын туризм жаатында кызматташуусу боюнча пикирин билдирди. 

"Ош шаары менен Кашкар шаарынын достук мамилесин бекемдөө аркылуу туризм багытында түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүп, кызматташсак дейм. 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаары өзүнүн тарыхый-географиялык өзгөчөлүктөрү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Калаа Улуу Жибек Жолу аркылуу Европа менен Азияны байланыштыруучу негизги экономикалык карым-катнаштардын борбору болуп келүүдө", — деди Али Аблимит. 

Буга чейин мэр Кадырбаев Кытайдан келген делегацияга шаарга инвестиция салгысы келген кытайлык инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө убада кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0