Депутат ажылык сапардын баасы 2,5 миң долларга чыккандыгына нааразы

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHХаджга бара жаткан мусулмандар. Архив
Хаджга бара жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдагы ажылык сапарга барыш үчүн кыргызстандык зыяратчынын чөнтөгүндө эки жарым миң доллардан ашыгыраак каражаты болушу керек. Бул сумма коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратууда.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу 2015-жылдагы ажылык сапардын 2,5 миң доллар болгонуна нааразылыгын билдирди.

"Мусулмандык парзын аткарам деген киши качан ушунча акча төлөп барчу эле. Ажылыкка баруунун наркы жыл сайын өсүп отуруп, эми 2,5 миң долларга жетти. Зыяратка бара тургандардан ыктыярдуу түрдө да бир нече жүздөгөн доллар алынат экен. Муну тиешелүү тараптар иликтеп, өкмөт башчысы Темир Сариев да көңүл бурушу кажет", — деди депутат.

Буга чейин муфтийдин орун басары Замир Ракиев 2015-жылдагы ажылык сапар 2,5 миң доллар болорун расмий билдирген.

Быйыл ажыга барып мусулмандык милдеттеринин бирин аткарып келүүчүлөргө 3685 орун берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0