Парламентте акын Жеңижок Көкө уулунун 155 жылдык юбилейин белгилөө сунушу айтылды

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ак таңдай акын Жеңижоктун туулгандыгына 155 жыл болот.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бокоев кыргыздын күчтүү акындарынын бири Жеңижок Көкө уулунун 155 жылдык юбилейин тиешелүү деңгээлде өткөрүү боюнча сунуш киргизди.

"Замандын гениалдуу акындарыбыздын бири деп айтылып жүргөн Жеңижок атабыздын 150 жылдыгы белгиленбей калган. Быйыл 155 жылдыгы болот, аны өкмөттүк деңгээлде карап, күзүндө болсо да белгилесек. Жеңижок атабызга тиешелүү баа берилбей, ал бүгүнкү күнгө чейин өз ордун таппай келе жатканы баарыбызга маалым", — деди депутат.

Ак таңдай акын Жеңижок Көкө уулу 1860-жылы Талас өрөөнүндөгү азыркы Манас районунда туулуп, 1918-жылы Аксыдагы Кара-Суу деген жерде каза болгон. Анын өзгөчө "Аккан суу", "Балам жок" чыгармаларын азыр да дастанчы, ырчы чеберлер  аткарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0