"Ала-Тоо" аянтында жол эрежесин бузган автомашина Япониянын JICA долбооруна таандык

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо" аянтында жол эрежесин бузган автомашина Япониянын JICA долбооруна таандык
Ала-Тоо аянтында жол эрежесин бузган автомашина Япониянын JICA долбооруна таандык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетте Т 60 017 кызыл мамлекеттик номерлүү автомашинанын Ала-Тоо аянтындагы "Илбирс" имаратынын жөө баскандарга арналган жолунан өтүп, ыңгайсыздык жараткан видеосу жарыяланган.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы "Илбирс" имаратынын жөө баскандарга арналган жолунан өтүп, ыңгайсыздык жараткан автоунаа Япониянын эл аралык кызматташтык агентигинин (JICA) долбооруна тиешелүү. Бул маалыматты аталган мекемеден да тастыкташты.

Буга чейин интернетте Т 60 017 кызыл мамлекеттик номерлүү автомашинанын Ала-Тоо аянтындагы "Илбирс" имаратынын жөө баскандарга арналган жолунан өтүп, ыңгайсыздык жараткан видеосу жарыяланган.

"Бул автомашина биздин Ысык-Көлдө иштеп жаткан долбоорлордун бирине тийиштүү. Учурда биз бул окуянын чоо-жайын долбоордун жетекчилигинде тактап жатабыз", — деп JICA долбоорунун коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Дьяченко эреже бузган дипномерлүү автомашинанын айдоочусуна карата чара көрүүгө убада берди
ИИМ Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко Sputnik сайтынын кабарчысына билдиргендей, кызыл түстөгү дипломатиялык номерлердеги "Т" тамгасы дипломатиялык иммунитетке ээ болбогон техникалык персоналды түшүндүрөт.

Ал эми жол эрежесин бузган "D" тамгасы менен башталган кызыл мамномерлүү айдоочулар менен Тышкы иштер министрлиги иш алып барарын Дьяченко айткан. Жол кайгуул кызматы эреже бузууну каттоого алып, тийиштүү мекемеге маалымат гана бере аларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0