Депутат журналисттердин кийингенине, ары-бери басканына нааразы болду

© Фото / European ParliamentДепутат журналисттердин кийингенине, ары бери басканына нааразы болду
Депутат журналисттердин кийингенине, ары бери басканына нааразы болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат өлкөнүн саясаты жүргүзүлүүчү орган болуп эсептелген Жогорку Кеңешке киргенде журналисттер дресс-код сактабай жатканына нааразы болду.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Бахтияр Кадыров журналист туура эмес кийинип келди деп сындады.

Ал өлкөнүн саясаты жүрүүчү Ак Үйдө журналисттер дресс-код сактабай жаткандыгына ачууланды.

"Журналисттер мамлекеттик жогорку органдын имаратына футболкачан, туура эмес кийинип келишүүдө. Иштеген жериңерди сыйлашыңар керек да", — деди ал. 

Андан сырткары, депутат жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн отурумга кечикпей келүүгө чакырды, себеби алар "иштегенге тоскоолдук жаратып, ары-бери басып жатышат". 

Бул парламентарийлердин журналисттерге болгон биринчи нааразылыгы эмес, буга чейин да ЖКнын трибунасынан бир топ сын-пикирлер айтылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0