Бала бакча. Архив

Жеке менчик бала бакчалар менен медициналык мекемелер салыктан бошотулду

133
(жаңыланган 14:46 25.05.2015)
Жеке менчик бала бакчалар жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер пайда салыгынан, КНСтен жана сатык салыгынан бошотулду.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жеке менчик бала бакчалар менен медициналык мекемелер салыктан бошотуу боюнча мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты — мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

133
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, салык, балдар бакчасы
Тема боюнча
Бишкектин жаңы конуштарында мектепке барбаган балдарды аныктоо башталат
Балдар бакчанын тарбиялануучулары Улуу Жеңиш жөнүндө ырларды ырдашууда
Балдарды бала бакчага электрондук түрдө кабыл алуу киргизилди
Түндүк жаркырагы. Архивдик сүрөт

Жердин үстүнөн тартылган керемет жаркырак. Астронавттын жомоктогудай видеосу

16
(жаңыланган 18:23 19.09.2021)
Жердин үстүнөн 400 чакырым бийикте учуп жүргөн астронавттын айтымында, мындай керемет көрүнүшкө Айдын нуру "күнөөлүү".

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 43 жаштагы астронавт жана аэрокосмостук инженер Тома Песке уникалдуу сүрөттөр жана видеоролик менен бөлүшкөн. Анда толгон Айдын нуру көгүлтүр, өзгөчө бир түс менен жомоктогудай картина жараткан.

"National Geographic Россия" сайтынын жазганына караганда, адатта жашгылт түстөн кызыл, кара кочкул түскө өткөн уюлдук жаркырак мурда кездешпеген, бирюза өңүн да жарата аларын астронавт тартып алган.

​Автордун айтымында, мындай керемет көрүнүшкө Айдын нуру "күнөөлүү".

"Ай өтө бийикте туруп жана абдан жарык тийип, булуттарга да нурун төгүп, таптакыр бир башкача атмосфера жаратты", — деп жазган суктанганын жашыра албаган Тома Песке.

Аэрокосмостук инженер бир нече мындай кубулушка байкоо салгандыгын, ал эми бул сапарда Айдын нуру өзгөчө көрк бергендигин белгилеген.

Бул кубулуш күндүн электр заряддарынын бөлүкчөлөрү Жердин атмосферасына кирип, кычкылтек менен азоттун бөлүкчөлөрү менен кагышканда пайда болот.

Песке учурда МКСтеги жети космонавттан турган экипаждын бири. Космостук эл аралык станция Жердин үстүндө 400 чакырым бийикте учуп жүрөт.

16
Белгилер:
ай, космос, түндүк жаркырагы
Тема боюнча
Тоо арасындагы бермет! Космонавттын Ысык-Көлгө суктанган видеосу
2021 -жылы Мамлекеттик Думага шайлоо учурунда Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат борборунда добуш берүү округдарынын санын көрүүчү экрандар

Бюллетендерди топтоп салгандыктан аймактык комиссиянын жетекчилери бошотулду

23
(жаңыланган 17:37 19.09.2021)
Памфилова Ставрополдогу аймактык шайлоо комиссиянын жетекчисин бошотууну талап кылды, себеби алар байкоо салуу үчүн атайын орнотулган камераны чүпөрөк менен жаап салышкан.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россияда бюллетендерди топтому менен салган факты кездешкендиктен аймактык шайлоо комиссияларынын башчылары бошотулду. Бул тууралуу РФтин БШКсынын төрайымы Элла Памфиловага таянып РИА Новости жазды.

Адыгей Республикасынын, Брянск жана Кемеров облустарындагы аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери кызматынан кеткен.

БШК бул учурга карата алты аймакта бюллетенди тобу менен салуу болгондугун айтты. Жогорудагы аймактардан сырткары Иванов, Москва жана Саратов облустарында да мындай учурлар катталган.

Памфилова Ставрополдогу аймактык комиссиянын жетекчисин бошотууну талап кылды, себеби алар байкоо салуу үчүн орнотулган камераны чүпөрөк менен жаап салышкан.

"Мындай иштерди кылгандар түрмөгө отурбаса... анда эмне кылышты билбейм", — деп кошумчалаган төрайым.

Эске салсак, аталган шайлоо 17-19-сентябрга белгиленген. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын тандоодон сырткары аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

Төмөнкү палатанын өкүлдөрү аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.

23
Белгилер:
Россия, Мамлекеттик Дума, шайлоо, бюллетень
Тема боюнча
Бишкекте россиялыктар Мамдуманын депутаттарын шайлоодо. Видео