БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Оор шартта жашаган балдардын ден соолукту чыңдоо мекемелеринде эс алуусу үчүн 2015-жылы 5 миллион сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын жыйыны дүйшөмбү күнү вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын катышуусунда Бишкекте өттү.
Анын айтымында, өкмөт жетим жана оор шартта жашаган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга өзгөчө көңүл бурмакчы.
"2014-жылы мамлекеттик интернаттардагы 1 245 бала жайкы лагерлерде эс алышкан. Бул жылы оор шартта жашаган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бюджеттен 5 миллион сом бөлүнөт", — деди Ниязалиева.
Ал ошондой эле, былтыр мектептердин алдында уюштурулган лагерлерге, балдардын чыгармачылык борборлоруна жалпысынан 58 миң бала келгенин белгиледи.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.