Эшек сойгон адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеленип жатат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСатуучунун этти бөлүүсү. Архив
Сатуучунун этти бөлүүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эшек союу мыйзамга каршы келбейт, бирок кыргыздарда илгертеден анын эти арам деп саналып келгенин аталган мыйзамдын демилгечилери белгилешүүдө.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште эшек сойгон адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси көтөрүлүп жатат. 

Расфасованное мясо. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кочкор районунда эшектерди союп, терисин сыйрып кетишүүдө
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиевдин бул демилгеси калктын саламаттыгы жана коомдук адеп-ахлак жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу максатында сунушталууда.

Эл өкүлдөрү февраль айында Сокулук районунун аймагында массалык түрдө эшек сойгон ферма табылганын эске салышты.

Маалыматтарга ылайык, эшек эти Бишкектин бир катар коомдук тамактануучу жайларына жеткрилип турган. Ал эми алардын санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеген шартта союлганын эске алсак, эттин сапаты тууралуу айтып да кереги жок дешет депутаттар.

"Эшек союу мыйзамга каршы келбейт, бирок кыргыздар илгертеден анын этин арам деп колдонгон эмес. Айрым адамдардын жеке материалдык кызыкчылыгы улут баалуулуктарынан жогору турбашы керек", — дешет Жогорку Кеңеште.

Андыктан, депутаттардын пикиринде, үй жаныбарларын сойгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл.

Нурманбет айылынын тургундардын талабы менен эшек эти башка жакка ташылмай болду
Жеке материалдык кызыкчылык үчүн үй жаныбарларын өлтүрүү жана анын этин пайдалануу үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин айып пул төлөө же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук иштерде иштөө жазасы сунушталууда.

Ал эми ушул эле аракет бир канча адам тарабынан алдын ала сүйлөшүүлөрдөн кийин жасалса, 10 миңден 15 миң сомго чейин айып пул төлөө же 150 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерде иштөө, болбосо бир жылга чейинки мөөнөт менен түзөтүү иштеринде иштетүү жазасы каралууда.

Аталган мыйзам ири жана майда мал, чочко, ит жана үй канаттууларын пайдалангандарга тиешеси болбойт.

Мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0