Статуя древнегреческой богини правосудия Фемиды на фасаде здания. Архивное фото

Сот: калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы

(жаңыланган 18:00 27.05.2015)
Шаршемби күнү Жогорку соттун Конституциялык палатасында укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиеванын биометрикалык маалымат чогултуу жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга шайкеш келиши боюнча арызы сотто каралды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Жарандардын биометрикалык маалыматын каттоо жөнүндөгү" мыйзамга көз карандысыз экспертиза жүргүзүлүп, мыйзам Конституцияга туура келбей турганы аныкталганын Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соту Клара Сооронкулова билдирди.

Шаршемби күнү Жогорку соттун Конституциялык палатасында укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиеванын биометрикалык маалымат чогултуу жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга шайкеш келиши боюнча арызы сотто каралды. Жогорку Кеңештин өкүлү Света Болжурованын өтүнүчү менен Конституциялык палатанын коллегиясы буга чейин укук коргоочулардын арызын карап келген сот Сооронкулованы ишти кароого катыштыруудан четтетүү чечимин кабыл алды.

Сооронкулованын айтымында, Россиядан чакырылган көз карандысыз эксперт аталган мыйзам КР Конституциясына туура келбейт деген корутунду берген.

"Конституциялык палатанын төрагасы Муканбет Касымалиев тарабынан мага бир нече жолу басым болгон. Ал мыйзамды Конституцияга туура келет деп кабыл алууга кызыктар. Бирок, Москвадагы юридикалык компаниянын көз карандысыз эксперти мыйзам Конституциясына туура келбейт деген корутунду берип жатат", — деди ал.

Соттун жүрүшүндө Конституциялык палатанын мүчөсү Эмил Өскөнбаев аталган ишти кароого катышпай турганын билдирип, талапкерлигин чакыртып алды.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылы августта башталган. 16 жаштан жогорку бардык жарандар, бармак издерин, санарип сүрөтүн жана колун берүүгө милдеттүү. Каттоого алуу 2015-жылдын 1-августунда аякташы керек. Жалпысынан 3 миллион 641 миң кишинин биометрикалык маалыматтарын алуу болжолдонууда.

Белгилер:
Биометрикалык маалыматтар, Токтайым Үмөталиева, Нурбек Токтакунов
Тема:
Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү (11)
Тема боюнча
Укук коргоочулар биометрикалык маалыматтын чогултулушу боюнча Конституциялык палатага кайрылды
Сариев биометрикалык маалыматын тапшырбаган киши добуш бере албастыгын айтты
Биометрикалык маалымат тапшырууда жарандардын укугун тебелеген аткаминерлер жазаланат
Ооруканадагы дарыгер. Архив

COVID күч алып турган Бишкекте кошумча орундар даярдалды

(жаңыланган 12:22 20.04.2021)
Буга чейин өкмөттөн коронавирус боюнча абал кескин курчуп кете турган болсо өлкө аймагында 11 миңден ашык орун даяр экенин айтышкан эле.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунда коронавирус боюнча абал оор болуп жаткандыктан кошумча 132 орун ишке берилди. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

"Бул эки аймакта жалпысынан 2 361 орун бар эле. Алардын 255и реанимациялык палаталардагы керебеттер болчу. Бирок булар дагы жетишсиз болуп жаткандыктан, 19-апрель күнү Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүндө 132 орун даярдалды", — деди Рахматуллаев.

Ал башка аймактарда абал туруктуу жана коронавирус жуктургандар үчүн бош орундар жетиштүү экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, ушул сааттарда Бишкек шаары боюнча — 281, Чүй облусу боюнча 238 бош орун бар.

Белгилер:
орун, оорукана, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVAX Кыргызстанга эмдөөдө пайдалануучу каражаттарды берди. Сүрөт
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУнун түзүлгөн максаты уюмга мүчө-мамлекеттерди тышкы агрессиядан сактоо болгонун айтты.

Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.

"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.

Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.

Белгилер:
коопсуздук, уюм, ЖККУ, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар