Калктын биометрикалык маалыматын каттоо боюнча сот иш үч айга токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциялык палатанын мүчөлөрү кеңешип, жаңы дайындалган сот Айсалкын Нарынбекова материал менен таанышып чыкканга чейин ишти үч айга токтотту.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Конституциялык палатанын мүчөлөрү калктын биометрикалык маалыматын каттоонун Конституцияга шайкеш келиши боюнча ишти кароону үч айга токтотту.

Компьютердин клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтакунов: биометрикалык маалыматтарды интернеттен таап алыш оңой
Шаршемби күнү Жогорку соттун Конституциялык палатасында укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиеванын биометрикалык маалымат чогултуу жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга шайкеш келиши боюнча арызы каралды. Жогорку Кеңештин өкүлү Света Болжурованын өтүнүчү менен Конституциялык палатанын коллегиясы буга чейин укук коргоочулардын арызын карап келген сот Сооронкулованы ишти кароодон четтетүү чечимин кабыл алды.

Сооронкулованын өзүнүн айтымында, анын сот процессинен четтетилишине ал калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жөнүндөгү мыйзам Конституцияга шейкеш келбей турганы боюнча чечим даярдап жаткандыгв себеп болгон.

Конституциялык палатанын мүчөлөрү кеңешип, жаңы дайындалган сот Айсалкын Нарынбекова материал менен таанышып чыкканга чейин ишти үч айга токтотту.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылы августта башталган. 16 жаштан жогорку бардык жарандар, бармак издерин, санарип сүрөтүн жана колун берүүгө милдеттүү. Каттоого алуу 2015-жылдын 1-августунда аякташы керек. Жалпысынан 3 миллион 641 миң кишинин биометрикалык маалыматтарын алуу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0