Таштанды жайдагы өрттү өчүрүү үчүн 90 тонна суу сарпталды

Жазылуу
Шаршемби күнү саат 20.50дө өрт өчүрүүчү кызматка Бишкектин негизги таштанды жайында өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен таңкы саат алтыга чейин алышты.

БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Таштанды жайда чыккан өрттү өчүрүү үчүн 90 тонна суу керектелгенин Sputnik кабарчысына ӨКМ алдындагы өрт коопсуздугу агенттигинин кызматкери Нурлан Ташмамбетов билдирди. 

Шаршемби күнү саат 20.50дө өрт өчүрүүчү кызматка Бишкектин негизги таштанды жайында өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен таңкы саат алтыга чейин алышты.

Ташмамбетовдун айтымында, өрттөнгөн аянттын чоңдугунан улам өрт өчүрүүчүлөр 90 тонна суу пайдаланышкан.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча өрттөнгөн жердин аянты 2,5 миң чарчы метрди түзөт", — деди Ташмамбетов.

Ал өрттөн адам өмүрүнө коркунуч жаралбагандыктан эч кандай кооптуулук категориясы ыйгарылбаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0