Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы жума күнү ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековИбраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы жума күнү ачылат
Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы жума күнү ачылат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ибраимов көчөсүн оңдоп-түзөө иштери апрель айында башталып, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Жума күндөн баштап Ибраимов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү ачыла турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Аталган көчөнү оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Бул үчүн көчөнүн чыгыш тарабы жабылган. 

Премьер Сариев вице-мэрди кеч жасалган иш үчүн жарга такады
Эми мындан аркы оңдоо иштери үчүн көчөнүн Жеңиш аянты менен чектешкен бөлүгү жабылат. Ага ылайык, көчөнүн унаа жүрүүчү аянты жана тротуарлар кеңейип, жаңы бордюрлар орнотуларын Капиталдык курулуш башкармалыгы маалымдады. 

Жалпы жонунан оңдоп-түзөө иштери август айына чейин уланат. Жолчулар Ибраимов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектсинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүн да оңдошмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0