Ошто "Биздин балдар – планетанын келечеги" аттуу бир айлык жарыяланды

Жазылуу
Ош шаарында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата "Биздин балдар – планетанын келечеги" аттуу бир айлык өткөрүлөт.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бир айлыктын алкагында социалдык коргоого муктаж балдарга мекеме-ишканалар тарабынан материалдык колдоо көрсөтүү, балдарга акысыз медициналык жардамдарды уюштуруу каралган. Мындан сырткары, социалдык жактан муктаж балдар үчүн акысыз театралдык оюн-зооктор, маданий иш-чаралар уюштурулмакчы.

Мектепте акыркы коңгуроого даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыркы коңгуроону өлкө боюнча 67 миңдей бүтүрүүчү белгилейт
Ошондой эле шаардагы бардык балдардын катышуусунда, "Мээрим" эс алуу багында куурчак театрынын спектаклдери коюлуп, балдардын спорттук, улуттук мелдештери өткөрүлөт.

1-июнь күнү Токтогул атындагы эс алуу багында балдар үчүн майрамдык концерттер тартууланып, улуттар ассамблеялар куурчактардын көргөзмөсүн өткөрүп, балдар үчүн аттракциондор бекер иштемекчи.

Кинотеатрларда көркөм фильмдер жана мультфильмдер акысыз көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0