Бишкек — Белгород аба каттамы калыбына келтирилди

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропорт "Манастын" техникалык кызматкерлери. Архив
Аэропорт Манастын техникалык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Белгород облусуна эми учактар жума сайын учуп турат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек — Белгород аба каттамы калыбына келтирилгенин Sputnik агенттигине "Эйр Бишкек" авиакомпаниясынын коммерциялык бөлүмү билдирди. 

Россиянын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Белгород облусуна эми учактар жума сайын учуп турат. Рейстерди дүйшөмбү күнү "Эйр Кыргызстан", ал эми шейшемби күндөрү "Эйр Бишкек" компаниялары тейлейт. 

"Бишкек — Белгород авиарейси аталган багытка болгон суроо-талаптын көптүгүнөн улам калыбына келтирилди. Билеттин эң арзан баасы 150 еврону түзөт", — деп маалымдашты компаниядан.

Белгород — Бишкек багытына суроо-талап июнь, июль жана август айларында жогорулайт.

Жүргүнчүлөр орто магистралдык Boeing-737 жана Airbus-320 учактары менен учушат. Учуунун узактыгы төрт сааттан ашык.

Жаңылыктар түрмөгү
0